Түптө кар көчкү 12 жаштагы баланы басып калды

© Sputnik / Овчинников / Медиабанкка өтүүЛавина
Лавина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки бала тоого мал айдап чыккан. Кар көчкүдөн улам бири каза тапты.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылындагы тоодо кар көчкү жүрүп бир адамды басып калды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, кырсык 7-февралда саат 11.30дар чамасында болгон.

"Тоого эки бала мал айдап барган. Көчкүнүн алдында 13 жаштагы бала калып каза тапты. Ал эми экинчиси аман-эсен", — деп айтылат маалыматта.

Айыл тургундары баланы көчкү алдынан чыгарып, ооруканага жеткиргенде каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0