Бишкектин чок ортосунда троллейбус жөө адамды сүзүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековОбщественный транспорт в городе Бишкек
Общественный транспорт в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Москва менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкектин борборунда троллейбустун айдоочусу жөө адамды сүзүп кеткенин Кайгуул милициясы билдирди.

"Кырсык 13.00төр чамасында Москва менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Троллейбус чыгыштан батышты көздөй кетип бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу 49 жаштагы аял экени маалым болду. Ал башынан жаракат алып Улуттук госпиталга жеткирилген. Милициядан жабырлануучу жолдун туура эмес жеринен өтүп бара жатканда кырсыкка кабылганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0