Кадамжайда 8-класстын окуучусун өлтүрдү деп 15 жаштагы бала кармалды

© Фото / пресс-секретарь ОУВД Джалал-Абадской областиКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү бала маркумдун сөөгүн арыкка таштап үйүнө кеткен. Эртеси келип үстүн жүгөрүнүн жалбырагы менен жаап койгон.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кадамжайдын Марказ айылында 8-класстын окуучусун өлтүрдү деп 15 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кызга кол салуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ууруга кирген коңшусу айгак болгон кызды муунтуп өлтүрүп сала таштады
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 4-февралында Кадамжай районундагы Марказ айылынын тургуну жашы жете элек баласынын жоголуп кеткенин айтып, милицияга кайрылган. 15 жаштагы өспүрүм 3-февралда саат 13:30дар чамасында чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келген эмес. Арыздын негизинде баланы табуу боюнча милиция бардык аракеттерди көргөн.

5-февралда саат 11.00дөр чамасында Марказ айыл аймагынын жашоочусу милицияга чалып, талаадан өспүрүм баланын сөөгү арыктан табылганын айткан. Анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери байкалган.

Райондук милициянын жеке курамы баланы өлтүргөн же ага тийиштиги бар кишилерди аныктоо боюнча ыкчам аракеттерди көрүп, кылмыш жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө учурунда бул окуяга тиешеси бар делип 15 жаштагы окуучу кармалган.

"Шектүү катары 15 жаштагы 8-класстын окуучусу кармалган. Алдын ала маалымат боюнча ал 3-февралда маркум менен айылдын четине чыгып, араздаша кетишкен. Алардын чыры мушташка чейин жетип, шектүү окуучу маркумду катуу нерсе менен чапкан. Каза болгон баланы арыкка таштап үйүнө кеткен. Эртеси келип, сөөктүн үстүн жүгөрүнүн жалбырактары менен жаап койгон", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0