Аксы менен Чаткалда жер титиреди

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бүгүн, саат 08:18де, очогунда 4-5 баллдын тегерегинде болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Чаткал тоо кыркаларынын аймагында жайгашкан. Аксы районунун Кербен шаарында, Кашка-Суу, Кызыл-Капчыгай, Терек-Сай айылдарында силкинүүнүн күчү 3 балл болуп сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0