БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Каракол шаарында өз кызын бир нече жыл бою зордуктап жүргөн киши 20 жылга эркинен ажыратылганын КР Акыйкатчы аппарат билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга кызынын зордукталып жүргөнү боюнча маалыматты Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын 40 жаштагы тургуну, кыздын энеси билдирген. Учурда кыз 12 жашта.
"Ак-Суу райондук соту 25-январь күнү бардык фактыларды карап чыгып, кордолгон кыздын атасын КР Кылмыш жана жаза кодексинин 130-беренесинин (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты", — деп айтылат билдирүүдө.
Акыйкатчы институнунун өкүлү региондук өкүлчүлүктөрүнө жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүн өз көзөмөлүнө алып, балдардын коопсуздугу жана жыныстык кол тийбестигин камсыздоо боюнча иштерге кол кабыш кылууну тапшырды.