БИШКЕК, 6-Ффв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда бир жума мурун балык кармоого чыгып кеткен эки адам ушу кезге чейин табыла элек. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.
Бул адамдар үйүнөн 30-январь күнү чыгып кеткен.
"Күрмөнтү айылынын 27 жаштагы жана 35 жаштагы эки тургуну Кутургу жана Фрунзе айылдарынын ортосундагы көлдүн тилкесине балык кармоого кетишип, бир жумадан бери дайынсыз. Издөө иштерине ӨКМ беш куткаруучусу жана жергиликтүү тургундар чыккан. Учурда издөө иштери уланууда", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Жети-Өгүз районунда да балык уулоого кеткен эки балыкчынын сөөгү суудан табылган.