Бишкекте 11-класстын окуучусу сегизинчи кабаттан боюн таштады

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүГорода России. Омск
Города России. Омск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган факт боюнча тактоо иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын 6-кичирайонунда 11-класста окуган кыз сегизинчи кабаттан секирип кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча кыз ошол жерде жан берген.

ИИМдин билдиришинче суицид тууралуу кабар 4-февраль күнү таңкы саат 6.55те түшкөн. 

"Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кыз 18 жашта экендигин жана сегизинчи кабаттан секирип кеткендигин такташты. Ал буга чейин талма оорусунан жабыркап келген. Учурда апасы Москва шаарында эмгектенээри аныкталды", — деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган факт боюнча тактоо иштери жүрүүдө.

Кыргызстандагы өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөр тууралуу Sputnik Кыргызстан агентигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0