Эл аралык террор уюмун каржылаган деп Ош облусунун тургуну кармалды

© AFP / ANTHONY WALLACE Арест гражданина
Арест гражданина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү киши 2012-жылы Египет менен Сирияда диний окуу жайда окуп жүрүп эл аралык террор уюмунун жетекчиси менен жакындан таанышкан.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Эл аралык террор уюмдарынын бирин каржылоону уюштурган деген шек менен Ош облусунун 33 жаштагы тургуну Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, З.К. аттуу жаран 2012-жылы Египет менен Сирияда диний окуу жайда окуп жүрүп эл аралык террор уюмунун жетекчиси менен жакындан таанышкан.

"2012-жылы аталган жаран эл аралык террор уюмунун мүчөлөрү менен аларды каржылоо үчүн араб өлкөлөрүнүн биринде соода-сатык кылышкан. Шектелген жаран 2015-январда Кыргызстанга кайтып, бул жактан да террор уюмун каржылоону уланткан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тийиштүү тергөө-амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0