Түндө Бишкек менен Ноокенде тилсиз жоо эки кишинин өмүрүн алып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота пожарной службы в столице
Работа пожарной службы в столице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ биринчи өрттүн себебин аныктап, экинчисиникин тактап жатат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кечээ түнү Кыргызстандын эки аймагындагы өрт кырсыгынан эки киши күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындан туура бир жыл мурда Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, үч миң чарчы метри күйүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы 8 кыргызстандыктын өмүрүн алган өрттүн себеби жыл өтсө да белгисиз
Биринчи кырсык Бишкектеги Ак-Бата конушундагы үйдөн чыккан. Оокат жай өрттөнүп, үйдүн 58 жаштагы ээсинин күйгөн сөөгү табылган.

Ал эми экинчи окуя Майлуу-Суу шаарында болгон. Фин тибиндеги турак үйдүн 80 чарчы метр жыгач шыбы, үй-тиричилик буюмдары күйүп, тилсиз жоо 61 жаштагы кишинин өмүрүн кошо алып кеткен.

ӨКМ өрткө электр жабдууларын пайдалануунун техникалык эрежелеринин бузулушу себеп болгондугун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0