Өлүмгө "жетелеген" топтордон эси чыккан бишкектик ата-энелер кайрылуу жасашат

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Instagram пользователей с "группы смерти" хештегами "море китов", "тихий дом", "хочу в игру", "разбуди меня в 4.20"
Снимок с социальной сети Instagram пользователей с группы смерти хештегами море китов, тихий дом, хочу в игру, разбуди меня в 4.20 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакта өздөрүн "Өлүм тобу" деп атаган топтун айынан Россияда өз өмүрүнө кол салган 15 учур катталган. Эми бул "оюнга" кыргызстандык жаштар дагы кызыгууда.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстанда пайда болгон "Өлүм" топторунан чочулаган ата-энелер видео кайрылуу жаздырганы жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучу Нуриля Чекирова билдирди.

Буга чейин кыргызстандык өспүрүмдөр социалдык тармактар аркылуу "морекитов", "тихий дом", явигре" жана "разбудименяв420" хэштегдери менен бөлүшө баштаганы айтылган. Ал эми Россиянын укук коргоо органдары өспүрүмдөрдүн суицид жасап жатышына аталган хэштегдердин тиешеси бар экенин билдирген.

"Мен бул хэштегдерди Instagram баракчага жазып көрүп, жүрөгүм түштү. Көрсө Россияда суицид болгон учурлар көп кездешип жатыптыр. Мындай окуя бизде дагы кайталанбашы үчүн алдын ала чараларды көрүү керек. Менин кызым тогуз жашта. Ал Instagram тиркемесинде көп убактысын өткөрөт. Ал мүйүзү бар жылкынын сүрөтүн тарта баштады. Сиздерге чыккан макаланы окугандан кийин коркуп жатам", — деди Чекирова.

Ал кызына кайрылып социалдык тармактардан бирөө жарым суицид жөнүндө жазган же жазбаганын сураганда андай көрүнүш болбогонун билдиргенин айтты.

Нуриля кызы билим алган мектептин директоруна да кайрылган.

Детский центр ухода в Белграде - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөрдү өлүмгө "жетелеген" топтор Кыргызстанга жетти. Энелердин эси чыгууда
"Мектеп директору жана психологу менен баарлашып интернеттеги хэштегдер тууралуу маалымат берип, балдарга профилактикалык баарлашууларды жүргүзүүнү сурандым. Андан кийин кайдыгер эмес ата-энелерди чогултуп, балдарга кайрылуу жасоону чечтим. Биздин мамлекетке мындай жаман нерсе кирбеши керек", — деп билдирди Sputnik агенттигинин маектеши.

Ал эми Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги аталган хэштегдерди текшерүү суранычы менен укук коргоо органдарына кайрылуу жасалгандыгы тууралуу билдирмени таратты.

Буга чейин РИА Новости агенттиги Россияда социалдык тармактарда өспүрүмдөрдү өлүмгө үндөгөн топтор өтө популярдуу болуп баштаганын жазган. Мисалы мындай чакырыктагы хэштег менен бир күндө "ВКонтакте" социалдык тармагында төрт миңдей билдирүү жарыяланган. Россияда расмий түрдө өз өмүрүнө кол салган 15 учур катталган. О дүйнө салгандар түрдүү "өлүм топторуна" мүчө болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0