УКМК 42 кг жардыруучу зат алып жүргөн кишини колго түшүрдү

Жазылуу
Кармалган адамга карата кылмыш жаза кодексинин 241-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 42 килограмм жардыруучу зат сактап жүргөн жаранды кармаганын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги паркта бак жардырып жиберген "химик" кармалды
Билдирүүгө ылайык, атайын кызмат жардыруучу каражаттарды жүгүрткөн каналдарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-аракеттердин алкагында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун 37 жаштагы тургуну колго түшкөн.

Анын жанынан аммоним заты менен 210 таңгак (42 килограмм), 50 даана капсул-детонатор жана ага кошулган күйгүзүүчү зым алынган.

Кармалган тургун жардыруучу заттарды мыйзамсыз айлантууга шектелүүдө. Ага карата кылмыш жаза кодексинин 241-беренеси "Мыйзамсыз курал-жарак, жардыруучу заттарды жана түзүлүштөрдү сактоо, сатуу жана алып жүрүү" боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп, кармалган жаран камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0