БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандын поезди Казакстандын аймагында кырсыка кабылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 31-январында саат 09:14 чамасында Жамбыл облусунун Мерке айылында Казакстандан Бишкекти көздөй келе жаткан Кыргызстандын жүк ташуучу поездинин (57 вагондуу) акыркы алты вагону рельстен чыгып кеткен.
"Поездин ичинде төрт кыргыз жараны болгон. Жабыркагандар жок", — деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда Кыргызстандын Темир жол кызматы Казакстандын Темир жол кызматы менен кырсыктын себептерин иликтөө иштерин баштады.