БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Сокулук районунда бейтааныш аялдын унаасын айдай качты деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-январь күнү Сокулук райондук милициясына Военно-Антоновка айылынын тургуну 29 жаштагы С.Э аттуу аял кайрылган.
"Ошол күнү болжол менен саат 10:00дө белгисиз адамдар анын Daewoo Lanos үлгүсүндөгү унаасын айдай кетишкен. Аялдын айтымында, унаанын ичинде 1000 сом акча жана уюлдук телефон болгон", — деп жазылат маалыматта.
Чүй ОИИБ Кайгуул милициясынын ыкчам иликтөөсүнүнүн жыйынтыгында Сокулук районунан 27 жаштагы Ош облусунун тургуну кармалган.
Кылмышка шектелген адам учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага карата 172 (башка бирөөнүн унаасына ээлик кылуу) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.