УКМК: кыргызстандык аял баңгизаты менен кармалганда өлүм жазасына тартылмак

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүПакеттеги баңгизат. Архив
Пакеттеги баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын кызматтар баңгизатты ташуу боюнча эл аралык каналды бууп топтун Кыргызстандагы мүчөлөрүн кармады.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык аялды кармады. Бул жаран баңгизатын алып киргендиги үчүн өлүм жазасына тартыла турган мамлекетке жиберилгенин УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Мамлекеттик комитет чет элдик кесиптештери менен иш алып барган. Алгач Кыргызстанга баңгизатын көп өлчөмдө алып кирген топтун эки мүчөсү кармалган. Алардан 25 килограмм героин алынган.

"Ошондой эле алар кыргызстандык А.Н. аттуу аялды баңгизатын башка өлкөгө алып өтүү үчүн колдонушкан. Эгер ал чек арадан өтүп кеткенде барган мамлекетте кылган күнөөсү үчүн өлүм жазасына тартылмак", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0