Таш менен башка чапты — дүкөндө сабалган аял окуянын чоо-жайын айтып берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи разбойного нападения
Случаи разбойного нападения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын четиндеги дүкөндөрдүн бирине белгисиз адамдар кирип барып үч аялды сабап, 40 миң сом алып кетишкен.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Аламүдүндөгү дүкөндө сабалган аялдардын бири Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын кандайча болгонун айтып берди.

Былтыркы жылдын 22-декабрында болжол менен саат 22:00дөрдө Аламүдүн айылында белгисиз адамдар кирип барып, ичиндеги үч аялды сабап, кассадагы 40 миң сом акчасын алып кеткен. Окуя дүкөндөгү видеокамерага түшүп калган

Жабыркаган аялдын айтымында, дүкөнгө кечинде кассага түшкөн акчаны алып кетүү үчүн келип, сатуучу менен сүйлөшүп турган учурунда сырттан үч эркек кирип келген.

"Акчаны колумда кармап сүйлөшүп тургам. Алардын бирөөсү жакын келди, таанышым экен деп ойлодум. Колундагы ташты көрүп, артка кетенчиктедим. Бир маалда таанышымды бир сокту, ал качууга аракет жасады. Алгач тумшукка уруп, андан соң тепкилей баштады. Ары-бери айлантып бети менен башына сокку урууга аракет кылды. Мен эч кимге тийбесин деген ой менен акчаны бердим. Бирок акчаны алып деле тепкилегенин токтоткон жок. Анан качып кетишти. Мен күйөөмө чуркап жөнөдүм, ал балдар менен бөлмөдө отуруп эч нерсе укпай калыптыр. Бир аялды анча сабашкан жок. Анткени ал жыгылган боюнча турган жок. Ал эми бирөөсүн аябай катуу тепкилешти. 63 жаштагы эже улгайып калганына карабай катуу каршылык көрсөттү", — деди жабырлануучу.

Окуя болгондон кийин жабырлануучунун колу, башы, ийни жана бети шишип кеткен.  Ал эми катуу тепки жеген аялдын көзүнө таш тийгени аныкталган.

Милиция келгенден кийин алардын алган жаракаттары катталган.

Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: жаакка ок жеген кишини тоноп да кетишти
"Мен милиция кызматкерлерине акчаны алып кеткендердин фотороботун түзүүнү сунуштадым. Себеби мен сабагандардын бетин көрүп калгам. Андан сырткары, алардын жүзүн видеокамера дагы тартып алган. Бирок алар каршы болуп, үч күндөн кийин Панфилов паркындагы сүрүтчөлөргө жиберишти. Бирок аныкы окшошпой калды", — деп кошумчалады жабырлануучу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Чүй ОИИББ менен байланышкан учурда бул факт боюнча Аламүдүн РИИБи Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгонун айтышты. Маалыматка ылайык, учурда кылмышкерлер табыла элек, тергөө амалдары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0