Үч жыл жуунбаган бейтаптын кирин кырып. Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадан баян

© Sputnik / Эмиль СадыровЖалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын кызматкерлери. Архив
Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Жазылуу
Ооруканада акыл-эсинен жабыркаган жөнөкөй адамдар эле эмес, оор кылмышка шектүү оорулуулар да кармалат. Мындай бөлүм республика боюнча бирөө гана.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин чыгармачыл тобу Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага барды.
Оорукана 1961-жылы негизделип, имарат 300дөн ашуун кишиге эсептелген. Ал жалпы сегиз бөлүмдөн турат. Төрт бөлүмү психикалык дарттары барларга, бирөө мажбурлап дарылоого, бирөө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө, дагы бирөө психикалык-соматикалык оорусу барларга арналган.

Милиция менен тирешкен бейтаптар

Бул ооруканада бейтаптар качып кеткен, дарыгерлерге кол салган учурлар болуп турат. Соңку резонанстуу ызы-чуу 2014-жылы катталган. Анда ооруканада милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатканда бейтаптар аларга да, медиктерге да кол көтөрүп, жаңжал асманга ок атылгандан кийин токтогон.
ИИМ атайын операцияны бул окуядан эки жума мурун Кызыл-Жарда дарыланып жүрүп качып кетип, Балыкчы шаарында эки милиционерди атып, көп өтпөй атайын операцияда өлтүрүлгөн Заур Магомедовго байланыштуу жүргүзгөн.
Заур Магомедов 2012-жылдан тарта Кызыл-Жардагы ушул оорукананын экинчи, тактап айтканда, мажбурлап дарылоо бөлүмүндө жаткан.
© Sputnik / Эмиль Садыров

Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын сегизинчи бөлүмүндө стационардык шартта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт.

Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын сегизинчи бөлүмүндө стационардык шартта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын сегизинчи бөлүмүндө стационардык шартта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт.

© Sputnik / Эмиль Садыров

Мындай экспертиза Кыргызстан боюнча Кызыл-Жарда гана жасалып, өлкөнүн ар аймагынан бейтаптар жиберилет.

Мындай экспертиза Кыргызстан боюнча Кызыл-Жарда гана жасалып, өлкөнүн ар аймагынан бейтаптар жиберилет. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Мындай экспертиза Кыргызстан боюнча Кызыл-Жарда гана жасалып, өлкөнүн ар аймагынан бейтаптар жиберилет.

© Sputnik / Эмиль Садыров

Бул эки кабат бөлүм оорукананын башка имараттарынан өзүнчө жайгашып, ИИМдин атайын кызматы кайтарууга алган.

Бул эки кабат бөлүм оорукананын башка имараттарынан өзүнчө жайгашып, ИИМдин атайын кызматы кайтарууга алган. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Бул эки кабат бөлүм оорукананын башка имараттарынан өзүнчө жайгашып, ИИМдин атайын кызматы кайтарууга алган.

1/3

Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын сегизинчи бөлүмүндө стационардык шартта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт.

2/3

Мындай экспертиза Кыргызстан боюнча Кызыл-Жарда гана жасалып, өлкөнүн ар аймагынан бейтаптар жиберилет.

3/3

Бул эки кабат бөлүм оорукананын башка имараттарынан өзүнчө жайгашып, ИИМдин атайын кызматы кайтарууга алган.

Айтылуу №8 бөлүм...

Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын сегизинчи бөлүмүндө стационардык шартта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт. Мындай экспертиза Кыргызстан боюнча Кызыл-Жарда гана жасалып, өлкөнүн ар аймагынан бейтаптар жиберилет.
Бул эки кабат бөлүм оорукананын башка имараттарынан өзүнчө жайгашыптыр. Тегереги тикен зым менен курчалып, ИИМдин атайын кызматы кайтарууга алган.
Сөз болуп жаткан имаратка барганыбызда куралчан кызматкерлер эшиктин маңдайкы тешигинен бир топко карап турду. Башкы дарыгер ач дегендей ишарат кылды.
"Бизди тартпагыла, болбойт! Суроолорго да жооп бере албайбыз", — деп кызматкерлер бетин ала качты.
Биз имараттын кире беришиндеги күзөтчүнүн бөлмөсүндө туруп гана башкы дарыгер менен кобураштык. Ичине киргизген жок.
Мындан он жыл мурдараак коомдо оорукана криминалдын чордонуна айланып кеткени, ошондой эле экспертизанын тастыктамасын берүүдө коррупциялык аракеттерге жол берилери айтылган. Анткен менен оорукананын жетекчилиги буга макул эмес. Башкы дарыгер Гүлнур Миңбаева мындай "мифтерге" кулак көнүп бүткөнүн айтат.
© Sputnik / Эмиль СадыровПсихиатриялык оорукананын башкы дарыгери Гүлнур Миңбаева бөлүмдү көрсөтүп жатат
Главврач психиатрической больницы села Кызыл-Жар Гульнур Минбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Психиатриялык оорукананын башкы дарыгери Гүлнур Миңбаева бөлүмдү көрсөтүп жатат
"Биздин дарекке эмне деген гана сөздөрдү айтышпайт, кээде ушундайбызбы деп таң калам. Айрым учурда шектүүнүн акыл-эси чындыгында соо болуп чыгат, балким, кылмышка ачууланып турганда барып алгандыр. Соо болсо соо деген тастыктаманы беребиз да. Экспертизаны кантип жүргүзөбүз? Алгач маектешебиз, бир айдын ичинде жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүп, психологиялык текшерүүлөрдү өткөрөбүз. Кылмыш иши менен эмнеси байланыштуу экенин аныктайбыз. Анан бардык маалыматты укук коргоо органдарына беребиз", — деди Миңбаева.
Бейтап оорулуу экени аныкталса милиция кызматкерлери алып кетет. Экспертизадан кийин дарылоого, тагыраагы, бул №8 бөлүмгө калбайт. Бирок акыл-эсин текшерүү маалында ден соолугу начарласа дары-дармек берилип, көмөк көрсөтүлөт.
Кийин кылмышкерге соттун чечиминин негизинде мажбурлап дарылоо чечими чыкса, оорукананын №2 бөлүмүнө келет. Бирок, кызыгы, аталган бөлүм кайтарууга алынбайт экен. Чыр-чатактар кайталанганда күзөтүү болушу керек деген талаптар айтылган менен сөз бойдон эле калып келет.

Оорулуу үч жыл мончого түшкөн эмес...

Башкы дарыгердин орун басары Бейшен Эргешов тажрыйбалуу адистердин бири. Ал иш учурунда миң түркүн бейтаптарды көргөн.
© Sputnik / Эмиль СадыровБашкы дарыгердин орун басары Бейшен Эргешов бейтаптарга байланыштуу миң түркүн окуяларды айтты.
Заместитель руководителя психиатрической больницы села Кызыл-Жар Бейшен Эргешов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Башкы дарыгердин орун басары Бейшен Эргешов бейтаптарга байланыштуу миң түркүн окуяларды айтты.
Дарыгер көп учурда акыл-эсинен жабыркагандарды жакындары үйүндө кармап отурарын, акырында тынчтык бербей калганда алып келерин айтат.
"Бизге молдо, бакшы, көзү ачыктарга көрсөтүп бүткөндөн кийин алып келишет. Качан оорусу өтүшүп, үйүндөгү оокат-кечени талкалап, уктабай эки-жакка секирип же бирөөгө кол салганда алып келүүнү ойлонушат. Кечээ жакында Ала-Букадан оорулууну алып келишти, үйдө үч жыл камашыптыр. Үч жыл мончого түшпөптүр! Денеси какачтап, чачы-башы сапсайып кетиптир, кирин кадимкидей эле кырып алдык!" — деди Бейшен Орозалиевич.
Психиатр бейтаптар кайсы убакта ооруканадан качарын жана кол саларын билет, ал бейтаптарды жаттап бүткөн.
"Бир жолу бейтап экөөбүз сүйлөшүп турсак көзү кызарып, жини келип, кандайдыр бир агрессия пайда болду. Шизофрения менен жабыркачу. Баса калды мени. Ошон үчүн оорулууларды бир-эки метр алыс кармайбыз же күзөтчүнүн ордуна жаныбызда санитарлар турат. Бейтап качан качкысы келет билесизби? Өзүнө келип, жакшы болуп калганда качып кетүүнү ойлонот. Акылынан тайып тургандар качпайт...", — деди дарыгер.

Жип, лезвиени катышат...

Ооруканада өзүнө кол салган бейтаптар да бар. Психиатр Бейшен Эргешов акыркы жолу суицидди 2000-жылы көргөн.
"Бейтап матрас менен шейшептин жиптерин акырын чубап улаштырып, бизге көрүнбөй барып асынып алган. Депрессия маалында жаныңдан кечип кетүү тууралуу ой көп келет. Адам аласы — ичинде, мал аласы — тышында дегендей, кээде бейтаптын да ичиндегисин билүү кыйын. Ошон үчүн жип, лезвие, бычактарды бербейбиз. Бир мүнөт да көз жаздымда калтырбайбыз! Кээде бейтаптар өздөрү бычак, жип, лезвие, дары ала келерин билебиз, ошондуктан бөлүмгө тыкыр текшерип туруп киргизебиз", — дейт Эргешов.
Дарыгерлер оорулуулардын сакал-мурутун, тырмагын өздөрү алып берип, жада калса жуунтушат. Медик иштеп жатканда бейтаптын буту-колу байланбайт, бирок санитарлар көз салып турат...
© Sputnik / Эмиль Садыров

Оорукананын №8 бөлүмүндө гана күзөтчүлөр бар. Калган жети бөлүмдө ак халатчандар дарыгерлик да, күзөтчүлүк, жан сакчылык да милдетти аткарат.

Оорукананын №8 бөлүмүндө гана күзөтчүлөр бар. Калган жети бөлүмдө ак халатчандар дарыгерлик да, күзөтчүлүк, жан сакчылык да милдетти аткарат. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Оорукананын №8 бөлүмүндө гана күзөтчүлөр бар. Калган жети бөлүмдө ак халатчандар дарыгерлик да, күзөтчүлүк, жан сакчылык да милдетти аткарат.

© Sputnik / Эмиль Садыров

Дарылардын баары сейфке катылат. Бейтаптардын жанында бир тоголок да дары болбойт.

Дарылардын баары сейфке катылат. Бейтаптардын жанында бир тоголок да дары болбойт. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Дарылардын баары сейфке катылат. Бейтаптардын жанында бир тоголок да дары болбойт.

© Sputnik / Эмиль Садыров

Медиктердин көбү пенсия курагындагылар

Медиктердин көбү пенсия курагындагылар - Sputnik Кыргызстан
3/3

Медиктердин көбү пенсия курагындагылар

1/3

Оорукананын №8 бөлүмүндө гана күзөтчүлөр бар. Калган жети бөлүмдө ак халатчандар дарыгерлик да, күзөтчүлүк, жан сакчылык да милдетти аткарат.

2/3

Дарылардын баары сейфке катылат. Бейтаптардын жанында бир тоголок да дары болбойт.

3/3

Медиктердин көбү пенсия курагындагылар

Балким сиз кинолордон оорулуу тынчтанбай жатканда психиатрлар колду арчындай турчу халатты кийгизгенин көрсөңүз керек. Андай жооткотуучу көйнөктөр азыр колдонулбай калган экен.
"Андай халаттар бейтаптын ден соолугуна зыян келтирет деп тыюу салынган. Байлагычтарды колдонууга болот. Анын узундугу, калыңдыгы министрликтин буйругунун инструкциясында жазылган", — дейт психиатр.
Дарылардын баары сейфке катылат. Бейтаптардын жанында бир тоголок да дары болбойт. Маалы менен медиктер чөйчөкчөлөргө салып барып ичирип турат.

Бейтабым чачымды жулган

Оорукананын башкы дарыгери Гүлнур Миңбаева психиатрлар оорулуудан "эки башка" өйдө болушу керек, кесипкөй адис кол салууга жол бербеши керек деп эсептейт.
"Мен анда Жалал-Абадда иштечүмүн. Бир бейтабым эпилепсия менен жабыркачу. "Кетем" деп коркута берчү, бир күнү дагы чыр салып жатканынан "Кетпейсиң!" дедим. Ачуулана түштү, ал менден бойлуу дагы болчу. Чачымды кармап алып жулкулдатты. Кайра ичимен алдасам болмок деп ойлоп калдым...", — деп эскерет дарыгер.
Адистин айтымында, психиатр болуп төрөлүү керек. Иштегенине 25 жыл болгонуна карабастан дагы деле окуп-үйрөнүп келе жатам дейт.
"Биздикилер психиатр эмес психологго баргандан коркушат. Менталитетибиз ушундай экен. Бейтаптар эмес психиатрлар да дискриминацияга туш келет. "Өздөрү да бейтаптарындай оорулуу..." деген сөздөрдү угабыз. Биздин ишти башкача элестетишет, айтор", — деди дарыгер.
© Sputnik / Эмиль Садыров

Ооруканада бейтаптар качкан, дарыгерлерге кол салган учурлар болуп турат

Ооруканада бейтаптар качкан, дарыгерлерге кол салган учурлар болуп турат - Sputnik Кыргызстан
1/3

Ооруканада бейтаптар качкан, дарыгерлерге кол салган учурлар болуп турат

© Sputnik / Эмиль Садыров

Имараттын бөлүмү жалпы 300 оорулууну батырат

Имараттын бөлүмү жалпы 300 оорулууну батырат - Sputnik Кыргызстан
2/3

Имараттын бөлүмү жалпы 300 оорулууну батырат

© Sputnik / Эмиль Садыров

Дарыгерлер оорулуулардын сакал-мурутун, тырмагын өздөрү алып берип, жада калса жуунтушат.

Дарыгерлер оорулуулардын сакал-мурутун, тырмагын өздөрү алып берип, жада калса жуунтушат. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Дарыгерлер оорулуулардын сакал-мурутун, тырмагын өздөрү алып берип, жада калса жуунтушат.

1/3

Ооруканада бейтаптар качкан, дарыгерлерге кол салган учурлар болуп турат

2/3

Имараттын бөлүмү жалпы 300 оорулууну батырат

3/3

Дарыгерлер оорулуулардын сакал-мурутун, тырмагын өздөрү алып берип, жада калса жуунтушат.

Сөз менен дарылайбыз

Саламат Бекжигитованын психосоматикалык бөлүмүнө жан дүйнөсү чөгүп, стресс, депрессияга кабылгандар келет. Адистер маектешүү жана ар кандай терапия менен көмөк көрсөтүшөт. Ал гана эмес жазында ашууларга барып, жаратылыш койнунда дарылашат.
"Бейтаптар акыркы 15-20 жылда өздөрү келе баштады. Жада калса кезекке жазып калдык. Бул жакка бардык жактан келишет. Бишкек, Ош, Жалал-Абаддан, Нарын, Москвадан бери келишет", — деди дарыгер.
Адистер стресс, депрессиядан алыс болуу үчүн азыркы заманда маалыматты иргеп кабыл алган оң дейт.
© Sputnik / Эмиль Садыров

Ооруканага психологиялык жактан оорулуулар гана эмес, жан дүйнөсү чөгүп, стресс, депрессияга кабылгандар келет.

Ооруканага психологиялык жактан оорулуулар гана эмес, жан дүйнөсү чөгүп, стресс, депрессияга кабылгандар келет. - Sputnik Кыргызстан
1/2

Ооруканага психологиялык жактан оорулуулар гана эмес, жан дүйнөсү чөгүп, стресс, депрессияга кабылгандар келет.

© Sputnik / Эмиль Садыров

Адистер маектешүү жана ар кандай терапия менен көмөк көрсөтүшөт. Ал гана эмес жазында ашууларга барып, жаратылыш койнунда дарылашат.

Адистер маектешүү жана ар кандай терапия менен көмөк көрсөтүшөт. Ал гана эмес жазында ашууларга барып, жаратылыш койнунда дарылашат. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Адистер маектешүү жана ар кандай терапия менен көмөк көрсөтүшөт. Ал гана эмес жазында ашууларга барып, жаратылыш койнунда дарылашат.

1/2

Ооруканага психологиялык жактан оорулуулар гана эмес, жан дүйнөсү чөгүп, стресс, депрессияга кабылгандар келет.

2/2

Адистер маектешүү жана ар кандай терапия менен көмөк көрсөтүшөт. Ал гана эмес жазында ашууларга барып, жаратылыш койнунда дарылашат.

"Ар бирибиз тынчсызданабыз, ал нормалдуу көрүнүштөн чыгып бараткан учурда дарыгерге кайрылуу зарыл. Азыркы жашоо-турмушубуз кыйынбы, айтор, ачуулангандар көбөйдү. Анан бизге керексиз маалыматтар көп. Коронавирус боюнча эле канчалаган маалыматтар келип жатат, биз аларды ылгаганды үйрөнүшүбүз зарыл", — деди башкы дарыгер Гүлнур Миңбаева кесиптешинин сөзүн улай.
Дарыгерлер коронавирус көп адамдын психикасын жабыркатканын, муну кайрылган бейтаптардын санынын көптүгү айтып турарын белгилешти.

"Мен президентмин" дегендер бар

Сатымбү Сарбагышева ооруканада 40 жылдан бери иштейт. Ал жетектеген бөлүмдө аялдар кармалат.
© Sputnik / Эмиль СадыровОоруканада 40 жылдан бери иштеген Сатымбү Сарбагышева бейтаптын баары эле ызы-чуу салып, тынчтык бербейт деп ойлогон туура эмес, арасында медиктерге жардам бергендери бар дейт.
Руководитель психиатрической больницы села Кызыл-Жар Сатымбу Сарбагышева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Ооруканада 40 жылдан бери иштеген Сатымбү Сарбагышева бейтаптын баары эле ызы-чуу салып, тынчтык бербейт деп ойлогон туура эмес, арасында медиктерге жардам бергендери бар дейт.
"Акыркы жолу менин бейтаптарымдын бири 10 жыл мурун качкан. Эшик ачык турганда чыгып кетиптир, оңой эле карматкан. Оорулуулардын кулагына "качып кет, тигил жакка, бул жакка бас" деген үндөр угулат. Ар кандай адамдар бар. Илгери "Мен Наполеонмун", "Ленинмин", "Суворовмун" дегендер болчу, кийин "Мен президентмин", "Мен премьер-министрмин" дегендер келди. Бейтаптар да саясатка жараша өзгөрүп турат. Биз силердики чын деп коёбуз, бейтаптар менен тартышпаш керек", — дейт дарыгер.
Сатымбү эже ооруканадагы бейтаптын баары эле ызы-чуу салып, тынчтык бербейт деп ойлогон туура эмес, арасында медиктерге жардам бергендери бар дейт.
"Залдагы кооз, узун гүлдүн баарын бейтаптар өстүргөн. Илгери Тажикстандан келген бир жакшы бейтабым эстен кетпейт. Өзү билимдүү мугалим болчу, бирок бизге мажбурлап дарылоого жиберишкен. Бул жакта жөн отурбай концерт уюштуруп, оорулуулар менен медиктердин маанайын көтөрчү. Анан ооруканадагыларды буту-колун байлап мажбурлап дарылайт деген түшүнүк да туура эмес. Айыгып кетейин деп дарысын сурап ичкендер бар. Башка оорулуулар сыяктуу эле нормалдуу жашоого өздөрү умтулушат", — деди психиатр.
© Sputnik / Эмиль Садыров

Сарбагышева: залдагы кооз, узун гүлдүн баарын бейтаптар өстүргөн

Сарбагышева: залдагы кооз, узун гүлдүн баарын бейтаптар өстүргөн - Sputnik Кыргызстан
1/2

Сарбагышева: залдагы кооз, узун гүлдүн баарын бейтаптар өстүргөн

© Sputnik / Эмиль Садыров

Сарбагышева: бул жакта айыгып кетейин деп дарысын сурап ичкендер бар. Башка оорулуулар сыяктуу эле нормалдуу жашоого өздөрү умтулушат.

Сарбагышева: бул жакта айыгып кетейин деп дарысын сурап ичкендер бар. Башка оорулуулар сыяктуу эле нормалдуу жашоого өздөрү умтулушат. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Сарбагышева: бул жакта айыгып кетейин деп дарысын сурап ичкендер бар. Башка оорулуулар сыяктуу эле нормалдуу жашоого өздөрү умтулушат.

1/2

Сарбагышева: залдагы кооз, узун гүлдүн баарын бейтаптар өстүргөн

2/2

Сарбагышева: бул жакта айыгып кетейин деп дарысын сурап ичкендер бар. Башка оорулуулар сыяктуу эле нормалдуу жашоого өздөрү умтулушат.

Сатымбү эже жакында эле президент Садыр Жапаровдун колунан Ардак грамота алган. Өлкө башчы менен түшкөн сүрөтүн иш бөлмөсүнө сыймыктануу менен тагып койгонун көрдүк.
© Sputnik / Эмиль СадыровСатымбү эже жакында эле президент Садыр Жапаровдун колунан Ардак грамота алган
Психиатрическая больница в селе Кызыл-Жар Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Сатымбү эже жакында эле президент Садыр Жапаровдун колунан Ардак грамота алган

Кызматкерлерди кармаган сүйүктүү иши

Кызматкерлердин көбү ооруканага ушул айылдан же коңшу жактан келип иштешет. Жумушка жетүү үчүн бир нече чакырым жол жүргөндөр бар. Медиктердин басымдуу бөлүгү аялдар жана пенсия курагындагылар.
"Өзгөчө айым кызматкерлер менен сыймыктанам. Алар үйдө да, ооруканада да иштин майын чыгара аткарышат. Удаасы менен төрөп, улам кайра ишке чыгышат. Жаштарды бул жакка тартуу кыйын, албетте. Алыс, обочолонгон жерге ким келет. Көңүл ачып, эс ала турчу жерлер да жок", — дейт оорукананын башкы дарыгери Миңбаева.
Оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Бейшен Эргешов айлык акы аз болсо да жашоо жеңил дейт.
© Sputnik / Эмиль Садыров

Медиктердин айылы аталган Кызыл-Жарда илгери чийки мунай заты өндүрүлгөн, уран шахталары да болгон

Медиктердин айылы аталган Кызыл-Жарда илгери чийки мунай заты өндүрүлгөн, уран шахталары да болгон - Sputnik Кыргызстан
1/3

Медиктердин айылы аталган Кызыл-Жарда илгери чийки мунай заты өндүрүлгөн, уран шахталары да болгон

© Sputnik / Эмиль Садыров

Азыр айылдын ичи тынч, ары-бери өткөн унаа деле аз экен

Азыр айылдын ичи тынч, ары-бери өткөн унаа деле аз экен - Sputnik Кыргызстан
2/3

Азыр айылдын ичи тынч, ары-бери өткөн унаа деле аз экен

© Sputnik / Эмиль Садыров

Жашоочулар ооруканада иштейт, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенишет, миграцияга кеткендер да бар.

Жашоочулар ооруканада иштейт, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенишет, миграцияга кеткендер да бар. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Жашоочулар ооруканада иштейт, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенишет, миграцияга кеткендер да бар.

1/3

Медиктердин айылы аталган Кызыл-Жарда илгери чийки мунай заты өндүрүлгөн, уран шахталары да болгон

2/3

Азыр айылдын ичи тынч, ары-бери өткөн унаа деле аз экен

3/3

Жашоочулар ооруканада иштейт, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенишет, миграцияга кеткендер да бар.

"Жумушка жөө каттайм, үйгө барып түштөнөм. Ашканага, троллейбус, автобус, таксиге акча коробойт. Анан акча жетпей баратса дүкөнгө жазылып коём, улам чийдирип каалаганыңды ала бересиң. Бишкектен ошенте аласыңбы? Россияда айына 80-100 миң алып иштеген кесиптештерим бар, мен деле кетип калсам болот эле да. Бирок үй-бүлөм бул жакта, анан бул жактагы ишиме, айлыгыма нааразы деле эмесмин", — деди дарыгер.
Медиктердин айылы аталган Кызыл-Жарда илгери чийки мунай заты өндүрүлгөн, уран шахталары да болгон. Азыр айылдын ичи тынч, ары-бери өткөн унаа деле аз экен. Жашоочулар ооруканада иштейт, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенишет, миграцияга кеткендер да бар.
Биз сапарыбызды андан ары уланттык, медиктер кол булгалаган боюнча кала берди.
Подъездге кирип жылынам деп таяк жечүмүн. Бишкектеги үй-жайсыз адамдардын жашоосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2020
Подъездге кирип жылынам деп таяк жечүмүн. Бишкектеги үй-жайсыз адамдардын жашоосу
Лонгрид: Кырсыктан майып болуп жатсам күйөөм жаш аял алып кетти. Үй-интернаттан репортаж - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2018
Кырсыктан майып болуп жатсам күйөөм жаш аял алып кетти. Үй-интернаттан репортаж
Жаңылыктар түрмөгү
0