Облустук милиция: жашы жете элек кыз турмушка чыгып, төрөдү

© AFP / GREG BAKER Секс-магазин в Китае
Секс-магазин в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактык оорукананын тѳрѳт бѳлүмүнө 17 жаштагы өспүрүм түшкөндүгү боюнча маалымат келип, ал жерге ыкчам-тергѳѳ тобу барып тиешелүү чараларды жүргүзгөн.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кара-Кулжада 17 жаштагы кыз төрөгөн фактыдан улам аталган райондун ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

23-январда Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө аталган аймактын ооруканасынын тѳрѳт бѳлүмүнө 17 жаштагы өспүрүм түшкөндүгү боюнча маалымат келип, ал жерге ыкчам-тергѳѳ тобу барып тиешелүү чараларды жүргүзгөн.

"Алынган түшүндүрмө боюнча 2016-жылы Ош шаарында таанышкан бала менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп, өз каалоолору менен жыныстык катнашта болуп жүргөндүгүн билдирген. 2016-жылдын 10-ноябрь күнү баш кошуп, үйлөнүү тою болуп, азыркы учурга чейин жашап жаткандыгын айткан. Учурда бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 132-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын (Жашы жете элек менен жыныстык байланышта болуу) белгилери байкалгандыктан, аталган берене боюнча кылмыш иши козголуп териштирʏʏ амалдары жʏргʏзʏлʏʏдɵ", — деп билдирген ОИИБ өкүлү.

Милициядан кылмыш иши жогоруда белгиленгендей, кыз 16 жаш курагында жыныстык катнашта болгон факты боюнча козголгондугу айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0