ШИИБ: жаакка ок жеген кишини тоноп да кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековНезаконное использования огнестрельного оружия
Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте белгисиз эки киши жаранга кол салуу менен уюлдук телефонун, унаанын ачкычын жана айдоочулук күбөлүгүн тартып алышкан.

БИШКЕК, 27-Янв. — Sputnik. Бишкектик жаранга кол салууга шектелген эки киши кармалганын Бишкек ШИИБден кабарлашты.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 1-январында таңкы саат 5.00дө Лев Толстой жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Эки белгисиз жаран 31 жаштагы бишкектик тургунду пневматикалык тапанча менен жаакка атып, жабырлануучунун уюлдук телефонун Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаасынын ачкычын жана айдоочулук күбөлүгүн алып, из жашырып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Милиция тергөө иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү катары эки жаранды кармашкан. Алардын бирөөнөн Россиядан чыккан пневматикалык газ тапанчасы менен 11 ок алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0