Бөтөлкөлөшүн өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү
Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран буга чейин уурулук менен соттолуп чыккан. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Алайдан Ош шаарына жумуш издеп келген адамды өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалганын Ош ШИИБден кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, 23-январда "Ош району" деп аталган аймактан 38 жаштагы жарандын сөөгү табылган. 

"Маркумдун сөөгү эртең менен саат 8.00дөр чамасында табылган. Анын баш сөөгү жабыркап, кулагынан жана мурдунан кан чыгып кеткен. Туугандарынын айтымында, маркум бир жума мурун Ош шаарына жумуш издегени кеткен", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүп, шектүү катары мурда уурулук менен соттолуп, жазасын ѳтѳп чыккан 41 жаштагы жаранды кармашкан. 

"Кармалган жаран ортодо чыккан пикир келишпестик ичимдиктин айынан болгонун билдирди. Ал бөтөлкөлөшүн арактын айнеги менен башка чапканын моюндады", — деп белгиленет маалыматта. 

Учурда бул иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0