Чач тарач менен укук коргоочу уруша кетип бири-бирине каршы арыз жазды

Жазылуу
Укук коргоочу чач тарачка кол салбагандыгын билдирип, кыз "айымдык логикасын" иштетип ийгенин айтууда.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкектин Панфилов көчөсүндөгү (Горький менен кесилишет) чач тарачтардын биринде шаршемби күнү эртең менен жагымсыз окуя болгондугун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ошол жерде иштеген Гүлнара Одонбаева билдирди.

Анын айтымында, чачын кырктырууга келген белгилүү укук коргоочу ага кол салган.

"Бүгүн эртең менен саат 10.00дөр чамасында бир киши кирип келди. Ал мурда деле келип жүрчү. Өмүрү эч нерсени жактырбайт. Мен аны отургузуп "бул сапар урушпайлы, эгер жакпаса башка жакка барсаңыз болот" дегем. Ал ошол жерден сөгүнүп, мени кекете баштады. Урушпаңыз десем, колго бир койду. Анан кесиптешим келип аны эптеп сыртка чыгарды", — деди чач тарач келин.

© Фото / Гульнара ОдонбаеваЧач тарач Гүлнара Одонбаева
Работница салона красоты Гульнара Одонбаева - Sputnik Кыргызстан
Чач тарач Гүлнара Одонбаева

Ал ошондой эле ачуулуу кардар документин көрсөтүү менен жогору жакта тааныштары бар экенин айтып коркута баштаганын белгиледи.

"Ал кыйын киши экенин айтып, милициянын начальниги таанышым деп коркутту", — деди Одонбаева.

Чач тарач келин окуя тууралуу 102ге кабарлаган. Милиция кызматкерлери келип экөөбүн тең Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кеткен.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кызга кол салды делген укук коргоочу менен байланышканда ал эртең менен жагымсыз окуя болгондугун ырастады.

Случаи женской драки - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аялдар чачташкан эки учур катталды
"Мени суз тосуп алышты. Чач тарач түз эле "Байке мен сизди тейлебейм. Чыгып кетиңиз. Башка чач тарачка барыңыз!" деди. Анын мындай кылганы туура эмес экенин түшүндүрүп, менин дагы укуктарым бар экенин айттым. Мен Монополияга каршы агенттигинин коомдук кеңешинин мүчөсүмүн, кардарлардын укугун мыкты билем", — деди Исаков.

Ал келинге эрежелерди сактоо керек экенин айтып документин көрсөткөнүн белгиледи.

"Чач тарчты калтырак басып 102ге чалып менин көзүмчө сабалганын айтты. Анан сүйлөшкөн жигитине чалып мени менен сүйлөштүрдү. Ал дагы мага ороңдоду", — деди укук коргоочу.

Учурда эки тарап тең бири-бирине каршы арыз жазганын ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты. Окуя боюнча тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0