Караколдо бастырманын чатыры кулап, милициянын 5 унаасын басып калды

Жазылуу
Кырсыктан жабыр тарткандар катталган эмес.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын ички иштер башкармалыгынын унаа токтоочу жайынын чатыры калың кардан улам кулап, беш унааны басып калган.  Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Окуя 24-январь күнү Кутманалиев көчөсүндө катталган. ӨКМдин берген маалыматы боюнча кырсыктан жабыр тарткан адам катталган эмес. ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, ал чатыр сегиз унаага ылайыкташылган, жыйынтыгында беш машина жапа чеккен.

"Бир унааны толугу менен оңдоп чыгуу керектелет", — дешти башкармалыктан.

ӨКМ кызматкерлери учурда чатырды калыбына келтиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин карды көтөрө албай  "Алканов" базарынын чатыры кулап беш адам жабыр тартса, андан соң Бишкектеги "Риом" унаа базарынын чатыры урап, 12 унаа талкаланган

Жаңылыктар түрмөгү
0