БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарынан бычак жеген кыргызстандык жарандын абалы оор экенин Россиядагы элчилик билдирди.
Россиянын ЖМКлары билдиргендей, дүйшөмбүгө караган түнү дүкөндө иштеген кыргызстандык жаранга белгисиз бирөө кол салып, бычак менен сайган. Элчиликтин маалыматы боюнча жабыр тарткан жаран учурда ооруканада.
"Анын абалы оор болгондуктан дарыгерлер аны суракка алууга уруксат бербей жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери башталды.