Бишкекте айдоочу эки адамды сүзүп кетти

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖолдон өтүп бараткан аялдын архивдик сүрөтү
Жолдон өтүп бараткан аялдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан жаракат алган 39 жана 28 жаштагы жарандар шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү кечинде Бишкек шаарынын Айтматов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткенин Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.

Жолдогу жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саратовдо кыргызстандыктардын өлүмүнө забын болду деген айдоочу камакка алынды
Маалыматка караганда, кечээ күнү саат 18:30да Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа эки адамды койдуруп кеткен. Кырсыктан жаракат алган 39 жана 28 жаштагы жарандар шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Кырсыкка шектүү 26 жаштагы айдоочу кармалып, унаасы айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0