Ош — Бишкек жолунда 2 унаа кагышып, бир адам көз жумду

Жазылуу
Каза болгон жарандын сөөгү Жалал-Абад шаардык оорукананын моргуна жеткирилди.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Ош — Бишкек жолунда "Газель" унаасы менен Matiz кагышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Ош — Бишкек унаа жолунун 585-чакырымында (Сузак району) катталып, каза болгон жарандын сөөгү Жалал-Абад шаардык оорукананын моргуна жеткирилген.

Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0