Ноокенде иниси агасын бычактап өлтүрүп алды

© Фото / Талгат БакиевУбийство в селе Сакал Ноокенского района
Убийство в селе Сакал Ноокенского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөр суракка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Сакалды айылынын тургуну бир тууган агасын бычак менен сайып өлтүрүп алган. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Интернет клубда күзөтчүлөрдүн куралын алып качкан мастарды камера тартып калган - Sputnik Кыргызстан
Интернет клубда күзөтчүлөрдүн куралын алып качкан мастарды камера тартып калган
Маалыматка ылайык, 20-январь күнү саат 15:00 чамасында бир туугандар арак ичип отуруп, сөз талаша кетип, иниси бычак менен агасын сайып жиберген. Анын кесепетинен жаран окуя болгон жерде каза болгон

Ноокен РИИБдин башчысы Нариман Өсөровдун айтымында, окуя болгон жерге оперативдик тергөө тобу барган. Бычак далил буюм катары алынып, каза болгон 35 жаштагы жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында сот-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөр суракка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0