21:39 14 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.5098
  • EUR87.9814
  • RUB1.0897
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
34810

Айдоочу шаардагы Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине унаасын токтотуп, тыгын жараткан.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кайгуул милициясынын кызматкерлери менен уруша кеткен №169 маршрутканын айдоочусу үч күнгө камалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Бугубаев билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ аталган маршруттук таксинин айдоочусу унаасын жол ортосуна токтотуп, автотыгын жараткан. Кайгуул милициясы айдоочу протокол түзүүгө каршылык көрсөткөнүн билдирген. Ал эми айдоочу унаасы бузулуп калгандыктан жолго токтоого аргасыз болгонун айткан

Ортодо чыр чыгып, милиция кызматкерлери айдоочуну Биринчи Май РИИБине күчтөп алпарууга мажбур болушкан. Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн аталган бөлүмгө Кайгуул милициясынын жетекчиси да келген. Натыйжада айдоочу өз күнөөсүн мойнуна алган.

Бугубаев Биринчи Май райондук соту ишти карап, анын күнөөсүн мойнуна алгандыгын эске алуу менен үч күнгө камоо чечимин чыгаргандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Милиция менен макул болбогон айдоочу Абдрахманов — Бөкөнбаев көчөсүн тосуп салды
Жол ортосуна туруп калган унаанын айдоочусу окуянын чоо-жайын айтып берди
Милиция менен уруша кеткен маршрутканын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алды
Белгилер:
маршруттук такси, камакка алуу, айдоочу

ЭҢ МААНИЛҮҮ