Кыргызстандык жаран Москвада полиция колдуу болгон деген маалымат текшерилип жатат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда. Архив
Россиянын полиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тепкиден каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине 19-январда жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 21-янв — Sputnik. Москва полициясынын тепкисинен улам кыргызстандык жаран каза болду деген маалымат учурда текшерилип жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КРдин Россиядагы элчилигинен айтышты.

Элчиликтен 4-январь күнү 37 жаштагы Эдил Касымбаев аттуу жаран таяк жеп каза болгондугун билдиришти.

Буга чейин Turmush сайты алдын ала берилген маалыматтар боюнча милициянын Одинцов районундагы бөлүмүндө 37 жаштагы Эдил Касымбаев аттуу жигитин каза тапкандыгын жазган.

Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда төрт айдан бери дайынсыз жүргөн кыргыз кыз табылды
Учурда элчилик Москва полициясынан Кыргызстан жаранынын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоону талап кылып, бардык жагдайлар учурда такталууда. Ал эми маркумдун сөөгү Кыргызстанга 19-январда жөнөтүлгөн.

Turmush басылмасынын жазганына караганда, ал курулушта иштеген, жанындагы жолдошу экөөнө 15-январдан кийин башка ишке которууга убада беришкен. Бул туурасында таанышы Абай Алымбаев айтып берген.

Алгач, экөө курулуш вагонунда жашап келсе, ишсиз калган кийин үйлөрдүн подъезддеринде түнөп калышкан. Абай алар тамеки чегип, үшүп кеткендиктен арак ичкендигин айткан. Муну көргөн үйдүн жашоочулары полицияга билдирип, тартип сактоочулар аларды атайын бөлүмгө алып кетишкен.

Алымбаев Эдил дене бою ооруп жаткандыгын, полиция аны желим таяк менен сабагандыгын айтып арыздангандыгын айтып берген..

Мындай көрүнүш бир нече ирет кайталанып, андан улам, Тез жардам келген. Дарыгерлердин Эдилге медициналык жардам көрсөтүү аракети майнапсыз болгон, себеби ал эсине келген эмес деп айтылат маалыматта.

Жаңылыктар түрмөгү
0