Кыздын сумкасын тартып алды делген үч киши кармалды, алардын бири — таксист

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСумка көтөргөн кыз. Архив
Сумка көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган таксисттин унаасында бейсбол таягы менен медициналык беткап жана кол каптар табылган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жумага караган түнү Бишкектин Манас проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде белгисиз эки адам 26 жаштагы кызга күч колдонуп, сумкасын алып кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин кайгуул милициясы билдирди.

"Түнкү саат 12.00дөрдө 102ге жабырлануучудан билдирүү түшкөн. Жерине барган кайгуул милициясы Ш.Н. аттуу жабырлануучуну таап, тегеректи тинтүүгө алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Көп өтпөй кылмышка шектелип, 1998 жана 1995-жылы туулган Манас айылынын эки тургуну кармалды.

"Аларды кармагандан кийин окуя болгон жерге такси жетип келди. Айдоочусу тиги экөө тааныштары экенин айтып, алып кетүүгө ураксат сурады. Милиция кызматкерлери таксисттин унаасын тинтүүдө бейсбол таягы менен медициналык беткап жана кол каптарды тапты", — деди милиция. 

Кармалган экөөнөн тышкары, таксист дагы кошулуп Ленин райондук №1 милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0