Кочкордо каза болгон окуучу бала бычакталган. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кочкордогу массалык мушташтан бир окуучу каза болуп, бирөөсү ооруканага жаткарылганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирген.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кочкордо каза болгон окуучу бала бычакталып, кансырап каза болгонун райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Венера Ибраева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Кочкордогу массалык мушташтан бир окуучу каза болуп, бирөөсү ооруканага жаткырылганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирген эле.

Ибраева өз сөзүндө 9-10-класстын балдары 10-класста окуган баланын үйүнө барып, ал жактан чырдаша кеткенин белгиледи.

"Окуя кечки саат сегиз менен тогуздун ортосунда болгон. Үйүнөн бычак көтөрө чыккан окуучу тогузунчу класстын баласын бычак менен сайып, ал кансырап каза болгон. Тиги балдар качып кетишкен", — деди Ибраева.

Ал чырдаша кеткен балдар 2000-жылы туулгандар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0