Баяман Эркинбаевди өлтүргөн Батыровдун көзүн тазалоого шектелген жаран кармалды

© AFP / NOEL CELISЗадержание подозреваемых в Кыргызстане
Задержание подозреваемых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сабыркул Батыркулов 2005-жылы депутат Баяман Эркинбаевди өлтүргөнү үчүн 19-колонияда жазасын өтөп жаткан. 2011-жылдын май айында ал колониянын машыгуучу залында асынып өлгөн.

Бишкек, 18-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты Баяман Эркинбаевди өлтүрдү деп айыпталып камакка алынган Сабыркул Батыровду жок кылууга шектелген үчүнчү адам кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) кабарлашты. 

Билдирмеде айтылгандай, Батыров 2005-жылы депутат Баяман Эркинбаевди өлтүргөнү үчүн 19-колонияда жазасын өтөп жаткан. 2011-жылдын май айында ал колониянын машыгуучу залында асынып өлгөн. 

"Иликтөө анын кыйноого алынып өлтүрүлгөнүн көрсөткөн. Кылмышка шектүүлөрдү кармоо үчүн көп убакыт талап кылынды. 2016-жылы ЖАМК менен ИИМдин биргеликте алып барган ишинин негизинде кылмышка шектүүлөрдү аныктоого мүмкүн болгон. Алар "общактын" мүчөлөрү Майрамбек Аалиев менен Азамат Самсалиев болгон. Үчүнчүсү Тимур Бейшенбаев изин жашырып жүргөн. Оперативдик иликтөө иштеринин натыйжасында 12-январь күнү Бейшенбаев колго түштү", — деп айтылат маалыматта. 

Кармалган жаран ЖАМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Ал эми 14-январда Свердлов райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0