Жети-Өгүздө балыкчылар жоголду

Жазылуу
17-январда ӨКМ куткаруучулары издөөгө чыгып, бирок натыйжа чыккан эмес.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын тургундары эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айылдын эки тургуну 16-январда балык улоого чыгып кетип, ошол боюнча кайрылып келген эмес.

Эртеси, 17-январда, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, бирок андан натыйжа чыккан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0