Баткенде мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

© AFP / ANTHONY WALLACE Кол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
33 жаштагы шектүү 27 жаштагы мурдагы аялын таш менен бир нече ирет башка чапкан. Алган жаракатынан аял окуя болгон жерден каза болгон. Жасаган кылмышын жашыруу үчүн аялдын телефону менен баштыгын дарыяга таштап салган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Баткенде милиция кызматкерлери мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген 33 жаштагы кишини. Баткен ОИИБ менен райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен иш-аракеттеринин негизинде кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

"Баткен районунун Чек айылынын тургуну, эки баланын энеси эки жыл мурда ажырашып кеткен күйөөсүнүн курмандыгы болгон. Маркум аялдын сөөгү Баткен районунун Чет-Булак аймагындагы талаадан табылган", — деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Убийство на почве ревности - Sputnik Кыргызстан
Беловодское айылында эки өспүрүм кыз талашып, бири бычакталып каза болду
Маалыматка караганда, 2017-жылы 15-январда мурдагы аял-күйөсү борбордук базардан жолуккан. Отуруп сүйлөшүү үчүн эркек киши базардан алыс барууну сунуштаган. Экөөнүн ортосунда чыр чыгып, 33 жаштагы киши 27 жаштагы мурдагы аялын таш менен бир нече ирет башка чапкан. Алган жаракатынан аял окуя болгон жерден каза болгон. Шектүү жасаган кылмышын жашыруу үчүн аялдын телефону менен баштыгын дарыяга таштап салган. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0