Авиакырсык: 37 маркумдун ким экени аныкталып, 31 сөөктү туугандары алып кетти

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуАвиакырсык: 37 маркумдун ким экени аныкталып, 31 сөөктү туугандары алып кетти
Авиакырсык: 37 маркумдун ким экени аныкталып, 31 сөөктү туугандары алып кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир сөөк таанылды, бирок аны тактоо үчүн сот-медициналык экспертиза маркумдун туугандарын күтүп жатат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Республикалык сот-медициналык экспертизалар борборунда авиакырсыктын кесепетинен каза болгон 37 жарандын аты-жөнү такталды. 31 сөөктүтуугандары алып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Самат Тойматов билдирди.

Анын маалыматына караганда, моргго жалпы 37 сөөк келип түшкөн. Алардын 36сын туугандары тааныган.

"Бир сөөк таанылды, бирок бул маалыматты тактоо үчүн туугандарын күтүп жатабыз. 31 сөөктү алып кетишти. Учурда алты дене калды. Аларды жакында алып кетишет", — деди Тойматов.

Родные и близкие погибших при крушении самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Кыйраган учактан жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө
Эске салсак, кечээ күнү Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен кыркка киши каза болуп, 23 үй бузулган. Белгилей кетсек, өкмөт каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон жардам көрсөтүлөөрүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0