Октябрь райсотуна бомба коюлган деген маалымат түшүп, эл эвакуацияланды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү
Милиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бомба тууралуу маалымат милицияга 17.00дөрдө түшкөн. Аталган жерге Октябрь РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу жөнөп кетти.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бүгүн болжол менен саат беште 102 кызматына Октябрь райондук сотунун имаратына бомба коюлган деген маалымат түшкөнүн ИИМ билдирди.

Телефон чалган адам жардыруучу түзүлүш имараттын арткы эшиги жакка коюлганын айткан.

"Аталган жерге Октябрь РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу жөнөп кетти. Эл эвакуацияланып, аймак курчоого алынды. Азырынча эч нерсе табыла элек", — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0