Авиакырсыктын күбөсү: учактын канаты күйүп келатып кулап түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал учактын сыныктары сарайын кыйратып, бактыга жараша үйүнө зыян келтирбегенин айтты.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Гонконг-Стамбул" каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы кулаган Дача-Суу айылынын тургуну Мария Атабаева учактын кулап жатканын өз көзү менен көргөнүн айтып, окуянын кандай болгонун сүрөттөп берди. 

Ал учактын сыныктары сарайын кыйратып, бактыга жараша үйүнө зыян келтирбегенин белгиледи. 

"Эрте менен адаттагыдай эле биринчи, үчүнчү класста окуган эки неберемди мектепке жөнөтүп жатып, маршруткага салайын деп жолго чыкканмын. Ошол убакта аэропорт тараптан самолеттун бир жак канаты кыпкызыл болуп күйүп келатып эле бизден алысыраак жерге барып кулап түштү. Айылды жаңыртып "тарс" деген аябай каттуу үн чыгып, өрт жалындап, туман каптап эч нерсе көрүнбөй калды. Чынын айтсам, ал учур мага кыяматтай болуп көрүндү, жүрөгүм түшүп, неберелеримди алып үйгө карай чуркадым. Үйгө келсем уктап аткан иним чочуп туруп, сыртка чыгыптыр. Анан карасак сарайыбыз кыйрап түшүп калыптыр. Көрсө, учактын сыныктары бизге чейин жетип, сарайдын чатырын талкалап кеткен экен. Ичиндеги малдарыбызды акырын алып чыгып, неберелеримди кошуп коңшу айылдагы инимдин үйүнө жеткирдик. Ал эми үйүбүз катуу зыян тарткан эмес, бирок ар жеринен жарака кетиптир" — деди айыл тургуну Атабаева. 

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Гонконг-Стамбул" каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн токтомок.

Учурда авиакырсыктын себептери расмий айтыла элек.

Маалыматтарда учак айылдын үстүнө кулап түшүп, анын кесепетинин 34 адамдын өмүрү кыйылып, 23 үй жабыркаган.

Учактын кыйрашына байланыштуу баардык материалдардын топтомун бул жактан окуңуздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0