Бишкек мэриясы учак кырсыгынан улам жардам көрсөтүү борборун ачты

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борбор Чүй проспекти, №315 дареги боюнча Ленин райондук администрациясынын имаратында жайгашкан.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы учактын кыйрашынан улам жабыркагандарга жардам көрсөтүү борборун ачты. Бул тууралуу аталган муниципалитет билдирди. 

Место крушения самолета под Бишкеком — аэросъемка - Sputnik Кыргызстан
Учак кыйраган абалдын асмандан көрүнүшү
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн конмок.

Кырсыктан улам каза болгондордун саны 34 адамга жетип, 23 үй кыйрады. 

Аталган борбор Чүй проспекти №315 дареги боюнча Ленин райондук администрациясынын имаратында №204 кабинетте жайгашкан.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0