Учак кыйраган абалдын асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Zanoza маалымат агенттиги бүгүн таңда "Манас" аэропортунун жака-белинде болгон кырсыктан кийинки абалды дронго тартып алган.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн конмок.

Кырсыктан улам каза болгондордун саны 34 адамга жетип, 23 үй кыйрады. Учурда кырсыктын себебин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0