ӨКМ: учак кулаган жерде эки үй күйүп жатат, каза болгондор бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовFacebook социалдык тармагынан тартылып алынган кадр
Facebook социалдык тармагынан тартылып алынган кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча учак катаал аба ырайынан улам кырсыкка учураган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортуна жакын жерге кулап түшкөн учактан улам эки үй күйүп жатканын ӨКМдин кризистик абалды башкаруу борборунун башчысы Мухаммед Сваров билдирди.

Буга чейин "Манас" аэропортунун маалымат кызматы учактын кыйраганын ырастап, "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясына таандык жүк ташуучу учак Дача-Суу айылына жакын жерге кулаганын тастыктаган.

Сваров ошондой эле алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандар жана каза болгондор бар экенин билдирди. Окуя болгон жерде эки үй күйүп жатат, куткаруучулар өрттү өчүрүүдө.

Ал ошондой эле экипаждын бир мүчөсү тирүү табылганын кошумчалады.

Түрк басылмаларынын билдирүүсү боюнча кырсыкка Boeing 747-400F үлгүдөгү учак кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0