Бишкектеги ресторанда чыккан өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОрт кызматкерлери. Архивдик сурот
Орт кызматкерлери. Архивдик сурот - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүү кызматына маалымат саат 17.40та түшкөн. Жеринде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеди.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкектин Горький жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Сармерден" ресторанында чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди. 

Өрт өчүрүү кызматына кырсык тууралуу маалымат саат 17.40та түшкөн. Жеринде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеди. 

Билдирүүгө караганда, күйгөн жердин аянты 100 чарчы метрге жетти. 

Тилсиз жоо толугу менен 20.05те өчүрүлдү. Жабыр тарткандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0