Бишкектеги таксисттердин "мушташы" боюнча ШИИБ жооп берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Twitter пользователя Эльдара Супатаева
Снимок с социальной сети Twitter пользователя Эльдара Супатаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Ахунбаев көчөсүндө ар кайсы такси кызматынын айдоочулары мушташканы боюнча жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жума күнгө караган түнү Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки бейтааныш жаран таксистти сабап кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ШИИБден кабарлашты.

Буга чейин Элдар Супатаев аттуу колдонуучусу өзүнүн Twitter баракчасына Ахунбаев көчөсүндө ар кайсы такси кызматтарынын айдоочулары мушташканын жазып чыккан.

"Билдирме "102" тынымсыз линиясына келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Көрсө таксисттин жанына мас абалындагы эки жаран келип, орой сүйлөп ызы-чуу чыгарган. Таксист милиция менен өзүнүн кесиптештерин чакырганда эки жаран качып кеткен. Массалык мушташ болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Милиция таксистке кол салууга шектелген жарандарды изи сууй электе кармашкан. Алар Ленин РИИБине алып келинген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0