Бишкекте аялдар чачташкан эки учур катталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи женской драки
Случаи женской драки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдардын биринчи мушташы Бишкек шаарынын борборунан катталса, экинчиси "Кудайберген" базарында болгон.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү Бишкек шаарында аялдар мушташкан эки учур катталганын Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.

Биринчи окуя Бишкек шаарынын борборунда болгон.

"Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Логвиненко жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде аны кыздар сабап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге барган Кайгуул милициясы 22 жаштагы кызды шектүү катары кармаган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган кыз Биринчи Май РИИБине алып келинип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Экинчи окуя "Кудайберген" базарында катталган.

"Арыз менен 38 жаштагы аял кайрылган. Ал аны базардагы ашканадагы кызматкерлердин бирөө сабап салганын айткан", — деп милициядан билдиришти.

Денеге залал келтирген деген шек менен 43 жаштагы аялды Кайгуул милициясы кармап, ал дагы Биринчи Май РИИБине алып келинди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0