Кардардын машинасын айдап кеткен унаа жуугуч бала тамеки үчүн дүкөнгө чыккан

© Sputnik / Эркин АлымбековАвария на машине клиента автомойки в Бишкеке
Авария на машине клиента автомойки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсык шаршембиге караган түнү катталган. Түркүктү сүзгөн унаанын айдоочусу менен жүргүнчү кыз окуя болгон жерден качып кетишкен.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кардардын унаасын айдап баратып жол кырсыгына кабылган унаа жуугуч бала дүкөнгө чылым алуу үчүн барганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына унаа жуучу жайда аны менен кошо иштешкен жарандар айтып берди. 

© Sputnik / Эркин АлымбековКардардын унаасын айдап баратып жол кырсыгына кабылган унаа жуугуч бала дүкөнгө чылым алуу үчүн барган.
Кардардын унаасын айдап баратып жол кырсыгына кабылган унаа жуугуч бала дүкөнгө чылым алуу үчүн барган. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кардардын унаасын айдап баратып жол кырсыгына кабылган унаа жуугуч бала дүкөнгө чылым алуу үчүн барган.
© Sputnik / Эркин АлымбековШаршемби күнү Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кардардын унаасын айдап кетип, Жаш гвардия проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинен жол кырсыгына кабылган жаран кармалганын кабарлашкан.
Шаршемби күнү Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кардардын унаасын айдап кетип, Жаш гвардия проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинен жол кырсыгына кабылган жаран кармалганын кабарлашкан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Шаршемби күнү Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кардардын унаасын айдап кетип, Жаш гвардия проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинен жол кырсыгына кабылган жаран кармалганын кабарлашкан.
© Sputnik / Эркин АлымбековМаалыматта түркүктү кагып алган айдоочу жанындагы кызы экөө окуя болгон жерден качып кеткени айтылган. Ал эми унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган.
Маалыматта түркүктү кагып алган айдоочу жанындагы кызы экөө окуя болгон жерден качып кеткени айтылган. Ал эми унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Маалыматта түркүктү кагып алган айдоочу жанындагы кызы экөө окуя болгон жерден качып кеткени айтылган. Ал эми унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган.
1/3
Кардардын унаасын айдап баратып жол кырсыгына кабылган унаа жуугуч бала дүкөнгө чылым алуу үчүн барган.
2/3
Шаршемби күнү Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кардардын унаасын айдап кетип, Жаш гвардия проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинен жол кырсыгына кабылган жаран кармалганын кабарлашкан.
3/3
Маалыматта түркүктү кагып алган айдоочу жанындагы кызы экөө окуя болгон жерден качып кеткени айтылган. Ал эми унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган.

Шаршемби күнү Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кардардын унаасын айдап кетип, Жаш гвардия проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинен жол кырсыгына кабылган жаран кармалганын кабарлашкан. Маалыматта түркүктү кагып алган айдоочу жанындагы кызы экөө окуя болгон жерден качып кеткени айтылган. Ал эми унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган. 

"Бул бала унаа жуучу жайда администратор болуп иштейт. Унаа жуулгандан кийин дүкөнгө барып тамеки алып келүү үчүн айдап кеткен. Жанындагы кызы кайдан пайда болуп калганын билбейбиз", — дешти унаа жуугуч кызматкерлер.

Столкновение грузовика и легкового автомобиля на автотрассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жайылда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, эки адам каза болду
Кырсыкка учураган унаа жеке турак жайдын дарбазасын койдуруп кеткени маалым болгон. Бирок аталган үйдүн ээси Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айдоочуга эч кандай дооматы жок экенин билдирип, дарбазасын өзү оңдоп аларын айтты. 

Ал эми Кайгуул милициясы кармалган 19 жаштагы бала убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдап, тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0