Кыргызстанда туулган пенсионер Минскте оор кылмышка шектелип издөөдө жүрөт

© © SputnikМинскте изделип жаткан Кыргызстанда туулган 78 жаштагы Евгений Колесников
Минскте изделип жаткан Кыргызстанда туулган 78 жаштагы Евгений Колесников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
78 жаштагы пенсионер оор кылмышка шектелүүдө, бирок кандай кылмыш экени айтылган жок.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Беларуссиянын Минск ШИИБинин кызматкерлери Кыргызстанда туулган 78 жаштагы Евгений Колесниковду издеп жатканын Sputnik Беларусь агенттиги жазды. 

"Ал киши Минск шаарынын Завод районунда оор кылмыш кылган деп күнөөлөнүүдө. Изделип жаткан адам психологиялык жактан оорулуу", — деп ШИИБдин маалымат кызматы билдирген. 

Снимок с официальной страницы Международной организации уголовной полиции (Интерпол) - Sputnik Кыргызстан
Интерпол издөөгө алган кыргызстандык кыз-келиндер
Минск милициясынын сүрөттөсү боюнча изделип жаткан адам 75 жашта, бою 170-175 сантиметр. Чачы кыска, аз-маз ак аралаган, бети жазы, үстүндө узун боз пальто.

Ошондой эле шектелүүчүнүн өзгөчө белгилери дагы айтылды. Жанында көрүүнү жакшыртуучу көз айнек, альпинисттик шаймандар жана мышык болушу мүмкүн. Агрессивдүү жүрүм-турумунан дароо эле спсихологиялык мандеми бар экени билинип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0