Нарында 9-класстын окуучусу өз жанын кыйды

© flickr.com / Fraser MummeryАркан. Архив
Аркан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдүн өлүмү иликтенүүдө.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Нарын шаарындагы Сыдыков атындагы №7 мектебинин 9-классынын окуучусу Советбек уулу Азим өз жанын кыйды. Бул тууралуу аталган мектептин директору Жийде Көкөтаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Маалыматка караганда өспүрүм 8-январь күнү өз үйүндөгү короодо асылып калган. 

Жители Одессы несут цветы в память о погибших во время пожара в Доме профсоюзов - Sputnik Кыргызстан
Жаш өмүрдү жалп өчүргөн шахталар. Кырсыкты кыйгап өтүүгө болобу…
"Азим чоң ата, чоң энесинин колунда таярбияланган бала болчу. Бала каза болгонун көрөрү менен чоң энеси эжейине айткыла деп мени чакыртышты. Анын айтымында, бала ал күнү эч өзгөрүүсүз эле жүргөн, түштөн кийин апасына манты түйүшүп коюп, азыр келем деп сыртка чыгыптыр да, ошол жерден асылып алыптыр. Чоң ата, чоң энесинин эрте каза болгон уулунан калган жалгыз туяк болчу. Өлөр алдында жазып кеткен каты дагы бар экен. Анда чоң ата, чоң апасынан кечирим сураптыр", — деди Бөкөтаева. 

Мектеп директорунун айтымында, окуучу менен мугалимдеринин, классташтарынын ортосунда пикир келишпестиктер болгон эмес. 

"Азим орточо окучу. Бирок мугалимдер, классташтары менен мамилеси жакшы болчу. Мектеп лидеринин орун басары кызматын аткарчу. Класс жетекчисинин айтымында, мүнөзүндө, жүрүм-турумунда эч өзгөрүүлөр дагы болгон эмес. Чоң атасы анын сабагына өзгөчө көңүл буруп, дайыма мугалимдер менен байланышта болуп турчу", — деди мектеп директору. 

Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Айзат Мырзаканова баланын өлүмүнө эмне себеп болгону азырынча тактала элек. 

"Кырсык тууралуу жерине барып, окуя менен таанышып келген милиция жана социалдык коргоо кызматкерлеринен маалымат алдык. Азырынча баланын өлүмүнө кандайдыр бир чыр-чатак себеп болгону аныктала элек", — деди ал. 

Маалыматтарга карганда, маркумдун өз энеси жолдошу көз жумгандан кийин баланы чоң ата, чоң апасына таштап кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0