Бишкектеги паркта бак жардырып жиберген "химик" кармалды

© Sputnik / Алекс Аминев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы парктардын биринде бак жардырган адамды милиция бир жума издеген. Кылмышка шектүү делип химия тармагы менен алектенген адам кармалды.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкекте "Ата-Түрк" паркындагы бакты жардырган адам кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

4-январь күнү милицияга Бишкектин түштүгүндө жардыруу катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кайгуул милициясы окуя болгон жерге барып, жардырылган бак табышкан. Дарак белгисиз бирөө тарабынан жардырылганы божомолдонгон. 

Окуя болгон жерди атайын адистер карап чыгып, кызматтык иттер менен текшерип чыгып, натыйжада бак кубаттуулугу 200 граммды түзгөн белгисиз жардыруучу зат менен жардырылганы аныкталган. 

Мындан улам 5-январь күнү Кылмыш кодексинин 234-"Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Интернет клубда күзөтчүлөрдүн куралын алып качкан мастарды камера тартып калган - Sputnik Кыргызстан
Интернет клубда күзөтчүлөрдүн куралын алып качкан мастарды камера тартып калган
10-январда ИИМ кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы адам кармалып, ал күнөөсүн мойнуна алган. Үйүн тинтүү маалында тапанчасынын колдонулган октору, боз түстөгү порошогу бар желим баштык, химиялык заттын калдыктары калган бош айнек бөтөлкө, химия боюнча адабият, китептер, чөнтөк телефондор табылган. 

Милиция учурда калаа тургунун башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун тактоодо. Айрым болжолдуу маалыматтар боюнча кармалган адам 2014-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы республикалык психикалык борборунда каттоодо турат. 

Ал буга чейин уурдоо кылмышы үчүн соттолгон, аскерде кызмат өтөбөгөнүн жана химия менен алектенерин айткан. 

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0