Ош: КТРКнын журналистимин деп алдап акча чогулткан жаран бир айга камакка алынды

© Фото / Зульфия ТургуноваЗадержанный, подозреваемый в том, что предлагал за деньги пригласить на "Голубой огонек" в эфире КТРК
Задержанный, подозреваемый в том, что предлагал за деньги пригласить на Голубой огонек в эфире КТРК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну аталган райондун мектеп директорлорунан акча алган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ошто өзүн Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) журналисти катары тааныштырып, мектеп директорлору менен Билим берүү башкармалыгынын жетекчилеринен акча алууга шектелген жаранды бир айга камакка алуу чечими чыкты. Бул тууралуу Ош облусттук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев аймактык кабарчыга билдирди. 

"Шектүүнүн баш коргоо чарасы Араван райондук соту тарабынан каралып, бир айга камакка алуу чечими чыгарылды. Ал Оштогу №5 тергөө абагына камакка алынат", — деди Ашырбаев. 

КТРК журналистинин атын жамынып элди алдады деп шектелген жаран кечирим сурады - Sputnik Кыргызстан
"КТРК журналистинин атын жамынып элди алдады" деп шектелген жаран кечирим сурады
Эске сала кетсек, Ош шаарынын Жапалак айылынын 32 жаштагы тургуну аталган райондун мектеп директорлорунан жана Араван райондук Билим берүү башкармалыгынын жетекчилигинен 1500 сомдон "Көгүлтүр от" берүүсүндө "жылдын мыктысы" наамы тапшырыларын убадалап акча чогулткан

Аталган жаран Араван районунан сырткары, Кара Суу районунда да ушундай ишке баргандыгы боюнча да шектелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0