21:29 24 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Медициналык жабдыктар. Архивдик сүрөт

ТИМ: сүннөттөн каза болгон бала Кыргызстандан экени текшерилип жатат

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
23110

Хирург үч жашар баланы отургузгандан кийин наристе чарчап калган. Россиянын ЖМКлары окуя кыргыз үй-бүлөсүндө болгонун жазып чыкты.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Красноярскиде кыргыз бала сүннөткө отургузуудан каза болду деп жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таркаган маалымат такталып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул окуяны тактоо үчүн Красноярск шаарынын тергөө органдарына билдирме жөнөткөн. 

Эске салсак, буга чейин үч жашар бала сүннөткө отургузулгандан кийин каза тапканы тууралуу маалымат тараган.

Укук коргоо органдарынын билдиргенине караганда, 6-январда баланын энесинин хирург таанышы ооруну сездирбөөчү дарынын жардамы менен үй шартында наристеге сүннөткө отургузуу боюнча операция жасаган. Абалы кескин начарлап кеткен балага энеси өз алдынча жардам берүүгө аракет кылып, ар кандай дары-дармек берген. Натыйжада наристе чарчап калган.

Аталган факт боюнча Россиянын Кылмыш жаза кодекси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөөчүлөр 28 жаштагы хирургду суракка алышты.

Тема боюнча

Үй шартында сүннөткө отургузулган үч жашар бала каза болуп калды
Белгилер:
операция, сүннөткө отургузуу, Красноярск