Тоң: акча алган жеринен кармалган милицияга кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКоррупция в государственных службах
Коррупция в государственных службах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкеринин жергиликтүү тургундан 50 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Тоң районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкеринин опузалап, акча талап кылган фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Милициянын жергиликтүү тургундан 50 миң сом талап кылгандыгы аныкталган. Ал эми орган кызматкерлери аны 10 миң сом алып жаткан жеринен кармаган.

"Ыкчам-тергөө иштери учурунда ИИМдин өздүк коопсуздук кызматынын жана көзөмөл органынын кызматкерлери Тоң райондук ИИБдин кызматкерин 10 миң сом алып жаткан жеринен кармаган", — деп айтылат башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Милициянын кармалган кызматкери учурда Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0