Интернет клубдагы мастар жардамга чакырылган күзөтчүлөрдү сабап, куралын тартып алган

© Фото / пресс-служба УПМ ГУВД БишкекаПьяный дебош в одном из интернет-клубов Бишкека
Пьяный дебош в одном из интернет-клубов Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет клубдагы күзөтчүлөрдүн куралын тартып алган төрт кишинин экөө изи сууй электе кармалган.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү болжол менен саат 11.00дөр чамасында Айтматов проспектиси менен Жаманбаев көчөсүндөгү интернет клубдардын биринде мас абалындагы төрт киши жаңжал чыгарганын Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.

© Фото / пресс-служба УПМ ГУВД БишкекаАйыпталуучу
Айыпталуучу - Sputnik Кыргызстан
1/3
Айыпталуучу
© Фото / пресс-служба УПМ ГУВД БишкекаАйыпталуучу
Айыпталуучу - Sputnik Кыргызстан
2/3
Айыпталуучу
© Фото / пресс-служба УПМ ГУВД БишкекаШектүүлөрдөн алынган "Сайга" мылтыгы
Шектүүлөрдөн алынган Сайга мылтыгы - Sputnik Кыргызстан
3/3
Шектүүлөрдөн алынган "Сайга" мылтыгы
1/3
Айыпталуучу
2/3
Айыпталуучу
3/3
Шектүүлөрдөн алынган "Сайга" мылтыгы

"Клубдун кызматкерлери жеке күзөт агенттигинин кызматкерлерин чакырган. Чыр салгандар "Сайга" мылтыгы менен куралданган күзөтчүлөрдү сабап, мылтыгын тартып алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Андан кийин клубдун кызматкерлери 102 кызматына чалып, милицияны чакырган.

Учения отряда специального назначения Омега и сводного отряда ГСИН - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад: милицияга кол көтөргөн мончонун ээси уулу менен кармалды
"Окуя болгон жерге аталган райондо жүргөн Кайгуул милициясы келген. Панфилов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде мергенчинин куралын көтөрүп жүргөн төрт киши байкалган. Кармоо учурунда алардын экөө качып кеткенге үлгүрүп, мылтыкты көтөрө кетишкен. Калган экөө кармалды", — деп Кайгуул милициясынан билдиришти.

Болжол менен 20-25 жаштардагы кармалган жарандар мас абалында болушкан. Учурда алардын ким экени аныкталууда. Алар РИИБге алып келинген.

Качып кеткен эки жаранды издөө боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0