Базар-Коргондо төрт жаштагы баласын өлтүргөн жаран 13 жылга кесилди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал баласы укпай койгондо күнүгө бир нече жолу кол көтөрүп турган. Ошондой аракеттердин бири бала өчүн өлүм менен аяктады.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Базар-Коргон айылынын тургуну төрт жаштагы баласын өлтүргөнү үчүн 13 жылга кесилгенин КР Жогорку сотунун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эркинен ажыратылган Нодирбек аттуу жаран баласын күнүгө сабап, акыркы күнү таяк менен бир нече жолу урган. 

"Саат 20:00дөр чамасында кичинекей уулун сыналгыны сындырып койгондугу үчүн таяк менен башка жана денесинин башка мүчөлөрүнө бир нече жолу чапкан. Саат 23:00дө уулун жуундуруп коёюн дегенде уулу качып башка бөлмөгө кирип кеткен. Артынан кирип уулунун эки кулагынан кармап жерди бир нече жолу сүздүрүп жибергенде уулу алган жараттан улам окуя болгон жерде каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Мушташ, бычакташуу, өлүм — тараптардын жүйөлөрү - Sputnik Кыргызстан
Мушташ, бычакташуу, өлүм — тараптардын жүйөлөрү
Жалал-Абад облустук соту ишти карап 29 жаштагы айыпталуучуну Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (2-бөлүм, 3-пункту "Алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү өлтүрүү) менен күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген.

Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү жарыяланган убакыттан баштап күчүнө кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0